Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Коронавирустун дарыгерлерге жайылышына өкмөт күнөөлүү

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 566 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов коронавирустун дарыгерлерге жайылышына байланыштуу Өкмөттү сындады.

Медиктер эч кандай коргонуучу каражаттары жок байланышса, албетте ооруйт. Буга ким күнөөлүү? Буга албетте, премьер-министр менен финансы министрлиги күнөөлүү. Себеби, былтыркы жылы бюджеттен 1 млрд. сом «остатка» калды. Бюджетти сиз аткарган жоксуз. Саламаттыкты сактоо министрлигине толук каржы бөлүнгөн жок. Быйылкы жылы 497 млн сомду өз убагында берген жоксуңар. Ошондуктан медкызматкерлер ушундай ооруга чалдыкты, — деди депутат Алтынбек Сулайманов.

Ошондой эле ал Өкмөттүн бюджетти аткарбагандыктан ушундай жыйынтык болуп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM