Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган 195 дарыгердин 105и айыкты

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 473 | 0

Бүгүн, 30-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп, стационарда дарыланып жаткан 276 адам бар. Алардын ичинен 6 киши реанимацияда. Аталган оорудан жалпы 462 жаран айыгып ооруканадан чыгарылып, 8 жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек шаары – 8;
Ош шаары – 5;
Ош облусу — 4;
Жалал-Абад облусу — 1;
Нарын облусу — 6;
Ысык-Көл облусу – 1.

Ошол эле учурда  бир сутка ичинде 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алар:
• Бишкек шаарында – 1;
• Чүй облусунда – 2;
• Ош облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 195 учур катталды, алардын ичинен 105 медкызматкер стационардык дарылануунын негизинде айыгып чыккан.

5-февралдан тарта изилдөөгө жалпысынан 51 592 үлгү келип түшкөн. Алардын ичинен 51 472сине изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 086 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда жалпы 864 адам жатат.

Copyright © 2017 Maral FM