Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жете элек

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 891 | 0

Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жетти деп айтууга болбойт, деп билдирди бүгүнкү брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, республика аймагындагы 114 калк жашаган аймакта коронавирустун очогу бар.  Айрымдардын оорусу билинбей өтүп, кээси оорусун жашырып коюп жатат. Мындан улам, учурда мобилдик топ алардын баардыгын кыдырып, ар бир жаранга жолугуп, алардын абалын билүүгө аракет жасоодо. Оорусун жашырган, же белгилери билинбей өтүп жаткандар  ооруну кайрадан жайылтууга себепкер болот.

«Ошондуктан бүгүнкү күндө эпидемиянын туу чокусуна жеттик деп айтуу кыйын. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасынын негизинде эсептеп чыккан эсептөөлөрүбүз туура чыгууда. 30-апрелге чейин биздин республикада 770 оорулуу болот деп божомолдогонбуз. Анын 60% бүгүнкү күндө айыгып чыкты. 29-апрелге карата 729 адам коронавирус жуктурган. Демек, өлкөдөгү инфекциянын жайылышын бир топ көзөмөлдөй алдык десек болот«, — деп кошумчалады Боронов.

29-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 729ге жетти. Алардын ичинен 191и медицина кызматкери. Илдеттен 437 жаран айыгып, 8 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM