Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 120,8 млн доллар жардам келди

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 340 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120, 8 миллион тышкы жардам келип түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн бюджетиндеги кирешелик жоготуулардан улам, өкмөт тышкы жардам катары башка жолдорду издеп жатат.

«Пандемиянын айынан чек аралар жабылды, бул бажы жана салыктар жактан биздин негизги кирешелерибизди кыскартты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120,8 млн долларга тышкы жардам келип түштү, бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды”, — деди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигине 700 миӊ доллар келген. Акча каражаты катары тышкы жардам жеӊилдетилген насыялар же тышкы карыздын эсебинен пайызсыз насыялар катары келүүдө. Алардын баарын кайтаруу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM