Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Автобус, троллейбустар 11-майдан иштей баштайт

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 876 | 0

Кыргызстанда автобус, троллейбустар 11-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, кичи автобустардын жана базарлардын (азык-түлүктөн башка) ишин жандандыруу оорунун массалык түрдө таралышына себеп болушу мүмкүн.

Мындан улам аларды ачуу кийинкиге калтырылды. Эл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы зарыл, — деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылган болчу. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда да киргизилди.

Кечээ, 28-апрелде Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.

1-майдан тарта уруксат берилген ишкердиктин түрлөрү (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM