Биз менен байланышыңыз

Чүй: Тоо чокусунан унаасы менен коктуга кулаган жаран каза болду

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 1122 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 28-апрелде саат 22:00дө Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан “Тайота Прадо” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1996-жылы туулган А.Ч. унаасы менен коктуга кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерден №1 ӨКБ куткаруучулары жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM