Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 841 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров онлайн режиминде чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Чек ара маселелери боюнча катчылыктын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү боюнча учурдагы маселелер талкууланды.

Акрам Мадумаров буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында чек ара боюнча маселелердин, ошондой эле чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жумуштарды сапаттуу иштеп чыгууну улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Кеңешмеде ошондой эле чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Коопсуздук кеңешинин жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткарууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тармактык органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Баткен облусунун жетекчилигине жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу чектеш райондордогу суу ресурстарын коңшу мамлекеттер ортосунда мурда жетишилген келишимдерге ылайык пайдалануу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM