Биз менен байланышыңыз

Коронавируска байланыштуу 27-апрелге карата дүйнөлүк кырдаал

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 685 | 0

Грузияда коронавируска чалдыккандарды дарылоодо озонотерапиясын колдонушту. Мындан улам, Батумиде төрт бейтаптын үчөөндө вирус жетинчи же тогузунчу күнү жоголгон.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору өзүнүн тизмесине коронавирустун кошумча 6 белгисин кошту. Симптомдордун толук тизмеси: жөтөл, ысык дене табы, дем алуу көйгөйлөрү, чыйрыгуу, булчуӊдардын оорушу, баш оору, тамак оору (ангина), даам жана жыт алуу сезимдеринин жоголушу.

Айлана-чөйрөдөгүлөрдүн илдетти жуктуруп алышынын 44% учурунда вирусту алып жүрүүчүдө оорунун белгилери чыкканга чейин жүрөт. Бул тууралуу жаӊы изилдөөлөргө жана математикалык моделдерге шилтеме берип, Берлин университетинин Charité клиникасынын Вирусология институтун жетектеген профессор Кристиан Дростен билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, Испания саламаттык сактоо кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны эӊ көп болгон өлкө болуп саналат.

Улуу Британия март айынын аягынан тарта күн санап каза болгондордун санынын  өсүшү азайганын билдирди. Британиянын ооруканаларында коронавирустан каза болгондордун саны 20 миң 732ге чейин өскөн. Акыркы 24 сааттын ичинде 413кө көбөйгөн.

Кытай тарабынан иштелип чыккан COVID-19 каршы инактивдештирилген вакцина клиникалык сыноолордун экинчи этабына кирди. Аны түзүүгө Кытай илимдер академиясынын Ухань вирусология институтунун адистери катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM