Биз менен байланышыңыз

Ошто коронавируска кабылгандар менен контакт болгондор текшерилүүдө

Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 473 | 0

Ош облусунда COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгондорду текшеришет. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Ушул жылдын 25- апрелинен баштап Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунун аймагында, короновирус илдетине чалдыккан жарандар жашаган айылдарда, атайын дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топтор байланышта болгондорду, үй карантиндегилерди текшерип башташты.

Анда карантиндик талаптарды сактоо менен бул жарандардын дене табы текшерилип, ПЧР анализдери алынат.

Буга чейин 25-марттан тартып мобилдик бригадалар үй карантининде болгон Ош облусунун 11 898 тургунун карап, бүгүнкү күндө  9 138 жаранды көзөмөлдөн чыгарышты.

Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда 5 мобилдик топ 174 жаранды, Кара-Сууда 18 мобилдик топ илдет аныкталган 27 жарандын туугандары, жакындары болгон 301 жаранды, Чоң-Алайда байланыштагылардын баарын текшерди.

Республика боюнча коронавирус инфекциясы менен жалпы 682 адам катталды.

Анын ичинен: стационарда – 304,  жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 370 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Аймактар боюнча алсак:

  • Ош облусу — 159;
  • Бишкек — 158;
  • Жалал-Абад облусу — 111;
  • Ош шаары — 109;
  • Нарын облусу — 85;
  • Чүй облусу — 44;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Баткен облусу — 8.


Дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды


COVID-19: 26-апрелге карата 25 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM