Биз менен байланышыңыз

Дүйнө боюнча коронавирусту жуктургандар 2 млн 700 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 318 | 0

Дүйнө жүзүндө коронавирус диагнозу менен катталгандар 2 миллион 700 миң адамдан ашты. Мындай маалымат Жон Хопкинс университетинин маалымат баракчасында көрсөтүлгөн.

24-апрелге карата жалпы 190 миңден ашуун киши өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен каза болду. 750 миңдей бейтап айыгып чыккан.

Эксперттер каттоого алынбаган бейтаптардын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы атайын дарылоо курсу же вакцина табылганга чейин карантин чаралары кала бериши керек экенин билдирди.

Жонс Хопкинс университети коронавирус эң көп катталган 10 өлкөнүн тизмесин жарыялады.

Алар:

• Америка – 886 172 (каза болгондор – 49 963);

• Испания – 213 024 (22 157);

• Италия – 189 937 (25 549);

• Франция – 159 467 (21 856);

• Германия – 153 129 (5 575);

• Улуу Британия – 139 246 (18 738);

• Түркия – 101 790 (2 491);

• Иран – 85 996 (5 391);

• Кытай – 83 884 (4 636);

• Орусия – 68 622 (615).

Copyright © 2017 Maral FM