Дүйнө жүзүндө коронавирус диагнозу менен катталгандар 2 миллион 700 миң адамдан ашты. Мындай маалымат Жон Хопкинс университетинин маалымат баракчасында көрсөтүлгөн.
24-апрелге карата жалпы 190 миңден ашуун киши өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен каза болду. 750 миңдей бейтап айыгып чыккан.
Эксперттер каттоого алынбаган бейтаптардын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы атайын дарылоо курсу же вакцина табылганга чейин карантин чаралары кала бериши керек экенин билдирди.
Жонс Хопкинс университети коронавирус эң көп катталган 10 өлкөнүн тизмесин жарыялады.
Алар:
• Америка – 886 172 (каза болгондор – 49 963);
• Испания – 213 024 (22 157);
• Италия – 189 937 (25 549);
• Франция – 159 467 (21 856);
• Германия – 153 129 (5 575);
• Улуу Британия – 139 246 (18 738);
• Түркия – 101 790 (2 491);
• Иран – 85 996 (5 391);
• Кытай – 83 884 (4 636);
• Орусия – 68 622 (615).