Биз менен байланышыңыз

Түркиядан дагы 351 жаран учуп келди

Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 509 | 0

Түркиядан Кыргызстанга 351 жаран келди. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бүгүн, 24-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда «Түрк аба жолу» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди.

Ушул чартердик каттам 2020-жылдын 10-апрелиндеги видеосаммиттин жүрүшүндөгү Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты. Саммит учурунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн Уюмдарына коронавирус пандемиясына карата үзгүлтүккө учураган аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу тараптардын аймагында жүргөн жана өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган.

Эске салсак, буга чейин 17-апрелде Түркиядан 212 мекендеш учуп келген. Алардын арасында коронавирусту жуктурган бир адам аныкталып, обсервацияга алынган. Калгандары үй карантинине жиберилген.


СOVID-19: 24-апрелге карата 25 жаңы учур катталды

Copyright © 2017 Maral FM