Бир сутка ичинде 20 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.
Аймактар боюнча алсак:
Бишкек шаары – 4;
Жалал-Абад облусу – 8;
Ош шаары – 8.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирус менен катталгандардын саны 656га жетти.