Биз менен байланышыңыз

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөр

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 565 | 0

Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстанда дагы 22 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 612 адамга жетти. Ошондой эле 8 бейтап каза болуп, 254 адам бул илдеттен айыкты.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 вирусун 2,5 миллиондон ашык адам жуктурса, 177,5 миңден ашык киши көз жумган. Бул көрсөткүч күн сайын өсүүдө.

Республикалык ыкчам штаб коронавирус жуккан адамдардын саны боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн тизмесин жарыялады.

  1. АКШ – 825 306 (каза болгондор – 45 075)
  2. Испания – 204 178 (21 282)
  3. Италия – 183 957 (24 648)
  4. Франция – 159 300 (20 796)
  5. Германия – 148 453 (5 086)
  6. Улуу Британия – 130 184 (17 337)
  7. Түркия – 95 591 (2 259)
  8. Иран – 84 802 (5 297)
  9. Кытай – 83 864 (4 636)
  10. Орусия – 52 763 (456)

COVID-19: Борбор Азияда абал кандай?

Copyright © 2017 Maral FM