Биз менен байланышыңыз

24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик авиакаттамы менен мекендештер алынып келинет

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 560 | 0

Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн жетишилген макулдашууларынын натыйжасында 2020-жылдын 24-апрелине Стамбул-Бишкек каттамы боюнча чартердик авиарейс уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет элдик мекемелери 2020-жылдын март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылат. Биринчи кезекте, артыкчылык улуу муундагы жарандарга, балдарга, аялдарга, ошондой эле саламаттыгынан көйгөйлөрү бар жактарга берилет.

Учурда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет элдик мекемелери тарабынан Кыргызстандын жарандарын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийликтерден уруксат алуу маселеси иштелүүдө.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Түркиядан учуп келген 211 кыргызстандык лабораториялык изилдөөдөн өтүп, жыйынтыгы чыккандан кийин баары үй карантинине чыгарылды.


Дүйнө боюнча 2,5 миллион адам коронавирус менен катталды

Copyright © 2017 Maral FM