Биз менен байланышыңыз

Комендант велосипед теппей турууга чакырат

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 422 | 0

Атайын себепсиз велосипед тебүү үчүн эле сыртка чыккандардын велосипеддери убактылуу алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынынын коменданты А. Орозалиев билдирди.

Шаарда велосипед тебүүдөн карманууга чакырам. Өзгөчө абал режиминин талаптарын бузуп, шаарга себепсиз чыксаӊыздар, велосипеддериӊиздер убактылуу алынат. Жакшы аба ырайына карабастан, ата-энелерден балдары менен сейилдебөөнү суранам, — деди Орозалиев.

19-апрелден 20-апрелге карата республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарларында жана аймактарында 81 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Алардын 66сы Бишкекте.

Бул арада Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедов 19-апрелде, 20 чакырымга веложүрүш жасады. Кошумчалай кетсек, аталган өлкөдө коронавирустун атын айтууга тыюу салынган. Түркмөнстан вирус катталбаган өлкөлөрдүн катарында.


Коменданттык саат: Тартип бузгандар көбүнчө Бишкекте катталат

Copyright © 2017 Maral FM