Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: 48 жаңы учур катталды. Ичинде көзөмөлдө болбогон жаңы учур бар

Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 7336 | 0

Бүгүн, 19-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 48 учуру катталды. Алардын ичинен обсервацияда жана үй карантинде көзөмөлдө болбогон жаңы учур бар. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактардан:

Бишкек ш. – 9
Чүй облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 2
Ош облусу – 7
Ош ш. – 9
Жалал-Абад облусу — 9
Нарын облусу – 11
Баткен – 1

Муну менен Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 554кө жетти.

Бир сутка ичинде жалпысынан 3 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Бишкек ш. – 2, Нарын облусу – 1. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 133 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM