Connect with us

Өкмөт медицина кызматкерлеринин даттануулары боюнча кемчиликтерди четтетет

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 478 | 0

Өкмөт медицина кызматкерлеринин даттанууларын дыкат изилдеп, кемчилдиктерди жоюу боюнча тапшырмаларды берет. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринен түшкөн даттануулар тармактык мамлекеттик органдардын жана айрым мекемелердин жетекчилеринин жетишсиз ишинин күбөсү экендигин белгиледи.

Медицина кызматкерлеринен түшкөн ар бир даттануу териштирилип, кемчилдиктерди четтетүү боюнча тапшырмалар берилип жатат. Саламаттык сактоо министрлиги Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун акимдери менен биргеликте инфекция чыккан жерлерде иштеген жана коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон ар бир дарыгердин, медицина кызматкеринин коргоо кийимдери менен жетиштүү көлөмдө камсыз болушун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө тийиш. Жергиликтүү бийлик органдары илдетти жуктурууга жол бербөө үчүн медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттарын колдонуунун санитардык эрежелерине окутуу иштерин көзөмөлгө алсын, — деди биринчи вице-премьер-министр.

Бороновдун айтымында, жакын арада COVID-19 каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине арналган уюлдук тиркеме иштеп баштайт. Тиркеме аркылуу алар өздөрүнүн суроолорун беришип, Республикалык штабга иштеги кыйынчылыктар, анын ичинде жеке коргонуу каражаттары жана башка керектөөлөр менен камсыздоо маселелери тууралуу билдире алышат.

Жергиликтүү бийлик органдарына муктаж үй-бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүүнү катуу көзөмөлдөө тапшырылды.

Ал тармактык кызматтарга, жергиликтүү бийлик органдарына үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын алдын алуу маселесине көңүл буруу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Саламаттык сактоо министрлигине эки күндүк мөөнөттө март айы үчүн өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү төлөөнү аяктоо тапшырылды.

Тармактык мамлекеттик органдарга Бишкек жана Оштогу медицина мекемелерин, обсервациялык жайларды жарандарды кабыл алууга даярдоо тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM