Кыргызгидромет борбордун болжолуна ылайык эртең, 19-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10 градус, күндүз +21…+23 градус болот.