Биз менен байланышыңыз

Дарыгерден коронавирус табылган №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору ишин жандантат

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 471 | 0

№13 Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) эртең, 19-апрелден тарта ишин жандандырат. Учурда поликлиникада тазалоо иштери жүргүзүлүп, кайра иштөөгө даяр болду. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттө өткөн брифингде cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Поликлиниканын аймактык дарыгери жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат. Ал үй карантинде болгон, кийин андан коронавирус табылган. Азыр ал дарыгерден эки жолу COVID-19 вирусуна анализдер алынып, жыйынтыктары терс болуп чыкты. Ленин районундагы ҮМБ жетекчилиги чечим чыгарып, №13 ҮМБ кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберишкен. 19-апрелден баштап №13 ҮМБ штаттык тартипте иштей баштайт, — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Copyright © 2017 Maral FM