Биз менен байланышыңыз

Өкмөт муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого 200 млн сом бөлдү

Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 408 | 1

Кыргыз Өкмөтү жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чечимге ылайык, Финансы министрлиги өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлгөн.

Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу категорияларын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамында каралган мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынын алкагында жүргүзүлөт.

Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчилик алат.

1 пикир

1 пикир

  1. ! Турсунай

    20.04.2020 21:57

    Қачан пенсияға ақча қошулат,,,,бүт нерсе қымбат бағасы осуп кетти ,,,продуктиға жетпей жатат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM