Кыргыз Өкмөтү жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Чечимге ылайык, Финансы министрлиги өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлгөн.
Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу категорияларын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамында каралган мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынын алкагында жүргүзүлөт.
Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчилик алат.