Биз менен байланышыңыз

12-апрель: Кыргызстанда дагы 10 адам коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 487 | 0

Акыркы сутка ичинде дагы 10 бейтап стационардан чыгарылганын бүгүн, 12-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алардын ичинен бешөө Ош облусундагы, дагы бешөө Жалал-Абад шаарындагы ооруканаларда дарыланган. Муну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын ичинен 54 бейтап айыгып чыкты. Учурда обсервацияда 1025 адам бар.

Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясына чалдыккандардын 201и –аял, ал эми 176сы – эркек кишилер.  Алардын ичинен:

— 15 жашка чейинки балдар — 38 учур;

— 16дан 19 жашка чейинкилер – 12 учур;

— 20дан 35 жашка чейинкилер – 90 учур;

— 36дан – 55 жашка чейинкилер – 141 учур;

— 56 жаштан жогору – 96 учур.

Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 377ге жетти. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, 5 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM