Акыркы сутка ичинде дагы 10 бейтап стационардан чыгарылганын бүгүн, 12-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Алардын ичинен бешөө Ош облусундагы, дагы бешөө Жалал-Абад шаарындагы ооруканаларда дарыланган. Муну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын ичинен 54 бейтап айыгып чыкты. Учурда обсервацияда 1025 адам бар.
Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясына чалдыккандардын 201и –аял, ал эми 176сы – эркек кишилер. Алардын ичинен:
— 15 жашка чейинки балдар — 38 учур;
— 16дан 19 жашка чейинкилер – 12 учур;
— 20дан 35 жашка чейинкилер – 90 учур;
— 36дан – 55 жашка чейинкилер – 141 учур;
— 56 жаштан жогору – 96 учур.
Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 377ге жетти. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, 5 адам каза болду.