Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 63кө жетти

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 306 | 0

Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 63кө жетти.

Жаӊы учурлардын ичинен 1 медкызматкер Бишкек шаарында, 5 кызматкер Нарын облусунда, 6 мед кызматкер Ош шаарында, — деди Каратаев.

Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 377ге жетти. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, 5 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM