Биз менен байланышыңыз

Монголияда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 657 | 0

Бүгүн, 11-апрелге карата Монголияда коронавирустук инфекциянын жаңы учуру аныкталган жок. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ыкчам борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Монголияда коронавирус  жуктургандардын саны 16 адам бойдон калууда.  Алардын төртөө толук айыккан соң ооруканадан чыгарылган.

Улуттук жугуштуу ооруларды изилдөө борборунун (NICIZ) директору Д.Нямхуу билдиргендей,  371 адамдын тест жыйынтыктары терс болуп, коронавирус аныкталган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM