Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандардын бешөө оор абалда

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 775 | 0

Азыркы убакта коронавирус жуктуруп ооруканада жаткандардын саны 290 адамды түзөт. Алардын ичинен бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта беш адамдын абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктоо үчүн 23 миң 870 адам анализ тапшырган. Алардын ичинен 22 миң 471инин анализдеринин жыйынтыктары чыкты, — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, лаборатория менен COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан адамдардын саны – 6 миң 251ди түздү. Алардын ичинен жакын байланыштар (1-категория) – 1 миң 70 адам, ал эми башка байланыштар (2-категория) – 5 миң 181 адам.

Мындан сырткары, Мадемин Каратаев Жек Манын кайрымдуулук фондунан жана “Алибаба” компаниясынан келген гуманитардык жардам карантиндик чөлкөмдөгү көбүрөөк муктаж болгон жайларга бөлүштүрүлө турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM