Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирусту жуктургандардын саны 10 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 566 | 0

Өткөн сутка ичинде Орусияда коронавирустук инфекциянын жаңы 1 459 учуру аныкталды, өлкөдө жалпы коронавирус жуктургандардын саны 10 131 кишиге жетти. Алардын ичинен 700гө жакын адам айыгып, 76 адам көз жумган. Бул тууралуу коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 459 учурдун элүүсү региондордо аныкталган.

Бүгүн, 9-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 1 миллион 518 миң кишиге жетти. Алардын ичинен 88,5 миң адам вирустун курмандыгы болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM