Биз менен байланышыңыз

10-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 424 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -1…..-3.… күндүз: 7……..12°

Талас облусунда:

түнкүсүн: -2…..-4.….күндүз: 6………11°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 1……6….күндүз: 11……..16°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 1……6….күндүз: 11………16°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -2……-4..….күндүз: 5……..10°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -4……1…..күндүз: 5.……10°C

10-апрелде Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…….-3°C, күндүзү 9………11°C.

Copyright © 2017 Maral FM