Биз менен байланышыңыз

9-апрель: Коронавирус жуктургандардын саны 280ге жетти

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 1007 | 0

9-апрель саат 8.00гө карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы учурдун саны 10. Бардыгы 280 учур.  Жаӊы катталган 10 учурдун ичинен экөөсү медицина кызматкерлери. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаӊы катталган 10 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаарында – 1;
Жалал-Абад облусунда – 5;
Ош шаарында – 3;
Ош облусунда – 1.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган 280 учурдун аймактарга катата бөлүнүшү:
Жалал-Абад облусунда – 86;
Ош облусунда – 98;
Чүй облусунда – 7;
Баткен облусунда – 4;
Ош шаары – 36;
Бишкек шаары – 36;
Нарын облусунда – 10;
Ысык-Көл облусунда – 3;
Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 34. Жаӊы – 2 учур (Ош ш., Аксы району).

Катталган учурлардын ичинен: 147 –аял, 133 – эркек, жаӊы 10 учурдун ичинен 3 аял, 7 эркек.

Copyright © 2017 Maral FM