Биз менен байланышыңыз

Дистанттык окутуу боюнча ыкчам байланыш иштей баштады (номерлер)

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 516 | 0

Кыргызстандагы мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн бүгүн, 8-апрелден тарта дистанттык окутуу башталды. Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан окутуу боюнча жаралган суроолор үчүн 5858 ыкчам байланыш номерин ишке киргизгенин билдирди.

Ошондой эле, аталган министрликте дистанттык форматта билим берүү тобу уюштурулду, бул топ бардык суроолорго жооп берип, кеӊеш берип, ар бир регион менен байланышып, пайда болгон кѳйгѳйлѳрдү чечүүгө жардам берет.

Ыкчам байланыш үчүн тѳмѳнкү телефондорго чалуу керек:

  • 0550-512-075;
  • 0550-801-026;
  • 0550-368-784;
  • 0550-513-385;
  • 0557-442-355

Министрлик тарабынан даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-класстын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдан» эфирге бериле баштады.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жана “МЕГА 24” тиркемесине жайгаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM