Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалган маалымат тараткан үч адам аныкталды

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 565 | 0

7-апрелде жалган маалымат тараткан жарандар: 1989-жылы туулган Т.у.Ч., 1986-жылы туулган А.Т.А., жана 1998-жылы туулган Ж.Т.М., аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алар соцтармактар аркылуу коронавирус жана учурдагы карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан.

Жогорудагы адамдар менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашкан.

Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Copyright © 2017 Maral FM