Биз менен байланышыңыз

Аида Исмаилова БУУнун Кыргызстандагы координатору менен жолугушту

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 291 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова менен эл аралык уюмдардын демилгеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча бардык тийиштүү күч-аракеттер көрүлүүдө.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело вице-премьер-министр Аида Исмаиловага аталган иш-аракеттерде толугу менен колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Биз Кыргызстанга, өзгөчө, мамлекет кыйын кырдаалда турган мезгилде бардык тийиштүү көмөктөрдү берүүгө даярбыз, — деп кошумчалады ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Назира Артыкова коронавирус инфекциясын дарылоо жана дартты аныктоо жаатындагы сунуштамаларын берди.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык чараларды талкуулады.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова эл аралык уюмдарга кызматташтыгы жана көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM