Биз менен байланышыңыз

Ухань 76 күндөн соң изоляциядан чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 685 | 0

SARS-CoV-2 коронавирус эпидемиясынын очогу болгон Кытайдын 11 миллиондук Ухань шаары 76 күндөн кийинки карантинден кийин ачылды. Изоляция алынып салынгандан кийин бери дегенде эле 65 миң адам шаардан чыгып кетти. Бул тууралуу АР агенттиги билдирди. Жогорудагы адамдар поезд жана учактарга билет алышкан. Ошол эле учурда автоунаа жолдору да ачылды. Анткен менен шаар бийлиги вирустун жугуусунун кайталанышы мүмкүн деп тургундарды шаардан зарыл учурларда гана чыгууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM