Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 504кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 381 | 0

Өзбекстанда бүгүн, 7-апрель саат 15.00гө карата COVID-19 коронавирустук инфекциясы дагы 32 адамда аныкталып, жуктуруп алгандардын саны 504 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 7-апрель эртең менен Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 472 киши болчу.

Өлкө боюнча коронавирустан 30 адам толугу менен айыкты, ал эми илдеттен эки адам көз жумду.

Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта Франциядан келген жарандан катталган. Өкмөт 65 жаштан ашкан жана өнөкөт оорулары бар жарандарга өзгөчө кырдаалсыз үйдөн чыгууга тыюу салган.

Copyright © 2017 Maral FM