Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө 108 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 528 | 0

Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылып, эки жумалык үй карантинине жиберилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын экинчи этаптагы анализдеринен COVID-19 табылган жок.

Облуста жалпы 195 адам обсервацияга алынган. Учурда 84 адам обсервацияда калууда, ал эми 3 адамдын анализдеринен COVID-19 табылгандыгына байланыштуу инфекциялык бөлүмдөрдүн изоляторунда жатат.

Copyright © 2017 Maral FM