Биз менен байланышыңыз

Ыкчам штаб: ӨКМге жаңы обсервация жайларын даярдоо милдеттендирилди

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 612 | 0

Ыкчам штабдын бүгүн, 7-апрелдеги жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервация үчүн жаңы жайларды даярдоо боюнча иштерди тездетүү милдеттендирилди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле тармактык органдарга коронавирус инфекциясына байланыштуу аныктоо жана дарылоо иш-чараларына тартылган медицина кызматкерлерине, кенже тейлөөчү жана техникалык тейлөө кызматкерлерине кошумча өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө берүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Мындан сырткары, Финансы министрлигине Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин тийиштүү иштерин каржылоону өз убагында камсыздоо тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM