Бүгүн, 6-апрелде «Жал» кичи районунда тез жардам унаасынын катышуусу менен жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.
Комендатурадан билдиришкендей, жол кырсыгы болжол менен саат 11:00дө Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, Toyota унаасы «Тез жардам» унаасын сүзүп алган.
Жол кырсыгынан 2 дарыгер жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Жеңил унаанын айдоочусу жана «Тез жардам» унаасындагы бейтап жабыркаган эмес.