Биз менен байланышыңыз

Британ премьери Жонсон дагы деле ооруканада

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 517 | 0

Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Жонсон өткөн түндү ооруканада өткөрдү. Ал дагы да болсо стационарда коронавирустан дарыланып жатат. Ооруканага ал коронавирустун белгилери байкалып жаткырылган эле. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

Жонсонду госпитализациялоо анда коронавирустун белгилери байкалгандан кийин жүргүзүлгөн. Он күн мурда британ өкмөт башчысында коронавирус аныкталган.

Британ премьеринин ооруканага жатып калышынын фонунда долларга карата фунт стерлинг 0,35 пайызга арзандап кеткен. 1 фунт стерлинг учурда 1,2228 долларды түзсө, еврого карата бир фунт стерлинг 1,295ти түздү.

Copyright © 2017 Maral FM