Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 8-9-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 550 | 0

8-9-апрелде Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 9-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

9-10-апрелдерде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк, 10-11-апрелдерде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM