Биз менен байланышыңыз

Британиянын эл өкүлдөрү Кытай жана Орусияны коронавирус тууралуу маалыматтарды жашыргандыгы үчүн айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 634 | 0

COVID-19 вирусу пайда болгон кезден бери Кытай оору тууралуу маалыматтарды жашырып келсе, Иран жана Орусия коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды тараткан деп эсептейт Улуу Британиянын Общиналар палатасынын комитети.

Британ парламентарийлери Кытайдын SARS-CoV-2 коронавирусу менен күрөшүүдөгү жүрүм-турумун сынга алды.Расмий Пекин инфекция тууралуу маалыматтарды чогултууда маанилүү ролго ээ болчу деп айтылат британ парламентинин Общиналар палатасынын сырткы иштер боюнча комитетинин отчётунда. Бирок Кытай эпидемия башталгандан бери маалыматтарды чогултуу процессинде из жашырып кетүүгө аракет кылган деп эсептейт документтин авторлору.

Отчётту түзүүчүлөр бир канча мисалдарды келтиришкен. Мисалы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 14-январда жарыялаган өзүнүн Твиттердеги микроблогунда кытай эксперттеринин вирустун адамдан адамга жуга тургандыгы боюнча так далилдери жок экенин билдирген эле. Мындан сырткары, отчётто кытай офтальмологу Ли Веньлян эпидемия башталганга чейин эле коронавирустун коркунучтуулугу тууралуу эскерткендиги айтылат.

Врачты полиция бөлүмүнө чакырып “жалган маалыматты” таратууга тыюу салышкан. Февраль айында дал ушул кишиден коронавирус аныкталып, бир канча күндөн кийин ал бул дүйнө менен кош айтышкан.

Мына ушул сыяктуу эпизоддор кырдаал боюнча анализди баштапкы стадиясында аныктаганга жолтоо кылган. Мындан сырткары, отчётту түзүүчүлөр Кытай, Иран, Орусия сыяктуу мамлекеттер вирустун табияты тууралуу жалган маалыматтарды берген деп айтылат. Мындай жалган маалыматтардын баасы миндеген адамдардын өмүр менен кош айтуусуна татыды деп эсептешет. Отчеттун авторлору Улуу Британия бийлигин союздаш өлкөлөр менен биргеликте мындай көрүнүштөр менен күрөшүүгө жана Саламаттыкты сактоо тармагында “чоң жыйырмалыкты” түзүүгө чакырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM