Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Карантин учурунда 7 өспүрүм жанын кыйды

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 730 | 0

Кыргызстанда акыркы убакта жашы жете элек жаш өспүрүмдөр арасында өзүнө-өзү кол салуу учурлары кездешүүдө. 18-марттан 28-март аралыгында эле, жаш өспүрүмдөр өзүнө кол салгандыгы жөнүндө 7 факт катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бардык фактылар кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда жашы жете эле жаш өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Өмүрүнө кол салып, өзүн -өзү өлтүргөн 7 жаш өспүрүм 12-16 жаш аралыгында болушкан. Алардын ичинен Тоң районунда — 2, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл райондору боюнча бирден, Ысык-Ата району боюнча эки окуучу.

Талдоонун жыйынтыгында, жаш өспүрүмдөрдүн төртөө толук эмес үй-бүлөдөн, апасы же атасы жок, ал эми калгандары туугандарынын үйүндө жашаган, алардын бирөөсүнүн ата-энеси чет мамлекетте иштегендиги белгилүү болгон. Жаш өспүрүмдөр үйүндө ата-энелери жана туугандары жок болгон учурда, күндүз өзүнө -өзү кол салууга барышкан.

Copyright © 2017 Maral FM