Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 6-апрелде тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 573 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 6-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 5…..10.… күндүз: 19……..21°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 4…..9.….күндүз: 16………21°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 7……12….күндүз: 19……..24°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 7……12….күндүз: 19………24°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 1……6..….күндүз: 13……..18°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 1……6…..күндүз: 13.……18°C

6-апрелде Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…….10°C, күндүзү 19………21°C.

Copyright © 2017 Maral FM