Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 308 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 592 | 0

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 308 850гө жетти. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 8 407 адам көз жумган, алардын көпчүлүгү Нью-Йоркто (1905) катталган. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Университеттин маалыматы боюнча, АКШда 14 652 адам коронавирус инфекциясынан айыгып кетишкен.

АКШ илдетке чалдыккан жарандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Андан кийин Испания (126,168), Италия (124 632) жана Германия (96 092) турат.

Жалпысынан дүйнөдө 1 миллиондон ашык адам коронавирус инфекциясынын жаңы түрүн жуктурган (1,197,405).

Ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп аскерлердин вирустун жайылышына каршы күрөшкө катыша турганын жарыялаган. Бул үчүн бийлик өлкөнүн ар кайсы штаттарына миңдеген аскерлерин жиберет. Тактап айтканда, Нью-Йоркко 1 миң аскер кызматкери жиберилет, алардын арасында дарыгерлер жана медайымдар бар.

Copyright © 2017 Maral FM