Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда дүкөнгө кирген жарандардын дене табы өлчөнөт

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 355 | 0

6-апрелден баштап Өзбекстандын Ташкент, Нукус шаарларында жана облустук борборлордо милдеттүү түрдө өзүн-өзү изоляциялоо режими киргизилет. Бул режимдин алкагында жарандарга тамак-аш, дары-дармек, врачка баруу жана жумушка баруудан башка зарылчылык болбосо, чыгууга тыюу салынат.

Ири азык-түлүк базарларына жана супермаркеттерге киргенде жарандардын температурасы өлчөнөт. Эки күн аралыгында соода түйүндөрү пирометр жана антисептиктер менен камсыздалат.

Эгерде дене табы 37 градуска барабар же андан жогору болсо, аталган объектилерге кирүүгө тыюу салынат. Аларга тезинен медициналык тез жардам кызматы менен байланышуу сунушталат.

Чоң дыйкан базарларында жана соода борборлорунда дезинфекциялоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Ошондой эле, соода түйүндөрүн жана башка жерлерди кыдырганда жарандардын арасында 2 метр аралыкты сактоо талап кылынат.

65 жаштан ашкан жана өнөкөт оорулары бар жарандарга өзгөчө кырдаалсыз үйдөн чыгууга тыюу салынат.

Мындан сырткары, ошол күнү саат 06:00дөн баштап мотоцикл жана велосипед кыймылдары чектелет. Аларды тамак-аш, дары-дармек, медициналык шаймандарды сатып алуу, доктурга баруу, ошондой эле жумушка баруу үчүн гана  колдонууга уруксат берилет.

Талаптарды бузган жарандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM