Биз менен байланышыңыз

Оренбургда туруп калган 100гө жакын кыргызстандык мейманканага жаткырылды

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 351 | 0

Кыргызстанга келе жатып чек ара жабылгандыктан Казакстан менен чектешкен Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк районунда туруп калган 100гө жакын кыргызстандык жаран Соль-Илецк шаарынын мейманканаларына жаткырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу кыргызстандык жарандар жана жергиликтүү бийлик, райондук полициянын өкүлдөрү менен байланышта болууда. Биздин жарандарга кыргыз диаспоралары да көмөк көрсөтүүдө , — деп билдирет министрлик.

Министрликтен билдиришкендей, мындан мурдараак кыргызстандык жарандарга транзиттик жол берүү маселеси боюнча Казакстан тарапка кайрылганда, Казакстандагы эпидемиологиялык оор кырдаалга жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу транзит берүүгө мүмкүн эмес деген жооп келген.

31-марттан тарта Актөбе, Акмола, Кызылорда жаан Костанай облустарына кирүү жана чыгууга тыюу салынган. Казакстанда жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу Орусия менен Казакстандын чек арасынын ачылышы азырынча мүмкүн эместигин белгилейт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Соль-Илецк районундагы кыргызстандык жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш алып барып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM