Биз менен байланышыңыз

Баткенде 34 жаштагы аял коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 3294 | 0

Бүгүн, 3-апрелде Баткен облустук ооруканасынан COVID-19 диагнозу менен жаткырылган аял илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны  130га жетти. Алардын ичинен 6 адам айыгып, бирөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM