Биз менен байланышыңыз

Азыркы кырдаалга байланыштуу бизнеске кандай жеңилдик берилет? (тизме)

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1311 | 0

Бүгүнкү күндө Өкмөт коронавируска байланыштуу абалды эске алып, бизнеске жеңилдик берүүнүн ар кандай жолдорун карап жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Ишкерлерге төмөнкүлөр сунушталууда:

  • юридикалык жактарды туум жана айыппулдан 1-октябрга чейин бошотуу;
  • жеке ишкерлерди 1-октябрга чейин камсыздандыруу полисинен бошотуу;
  • кичи жана орточо бизнестегилерге камсыздандыруу акынын тарифин 5% арзандатуу.

Мындан тышкары, жардамдын фискалдык жана финансылык чаралары каралууда:
— текшерүү бөгөтүнүн мөөнөтүн узартуу;
— салык органдарынын ишин кыскартуу;
— салык жана социалдык карыздын мөөнөтүн узартып төлөө;
— убагында төлөнбөгөн салык санкция, туум жана салыктык милдеттерден бошотуу;
— айкын суммалар салыктын негизинде 100% төмөндөйт:
1) ыктыярдуу патент:
2) милдеттүү патент.

Колдоонун финансылык чаралары:

— льготалык каржылоо;

-Кыргыз өнүгүү фондунда кредиттик ресурстарга максималдуу мүмкүндүк алуу үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү;

-ишкердиктин субъектилерине пайызсыз кредит берилген механизмди ишкерлердин айлык акысын 6 айлык мөөнөт менен төлөп берүү.

Мындан тышкары, Улуттук банк кредити бар ишкерлерге жеңилдик көрсөтүү үчүн коммерциялык банктардан талаптарды азайтуу чарасын караштырууда.

Абалга байланыштуу, насыя алгандар кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болсо, кредиттик тарыхы начарлабайт.

Антикризистик план макулдашуу процедурасынан өттү, жакын арада кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM