Биз менен байланышыңыз

Исаков: Азыркы кырдаал билим берүүдө санариптештирүүнү тездетти

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 546 | 0

Бүгүн, 3-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өлкөнүн билим берүү мекемелеринин аралыктан окутууга даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Министр учурда Бишкек жана Ош шаарларынан 200дөн ашык мугалим тандалып, видеосабактардын көп бөлүгү тартылып, шөкөттөө жараяны жүрүп жатканын билдирди.

Билим берүү жана илими министрлиги тарабынан oku.edu.gov.kg. билим берүү порталы түзүлүп, учурда анын контентин толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Буга кошумча “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” деген аталыштагы ютуб канал ачылды, — деди министр.

Билим берүү жана илим министрлиги Мегакомдун колдоосу менен бардык окуучуларды жана мугалимдерди акысыз SIM-карталар менен камсыздайт. Артыкчылыгы — баланста каражат жок болгондо да, окууга тиешелүү тиркемелер жеткиликтүү болот жана WhatsApp кызматы акысыз.

Министр кошумчалагандай, «Мегаком» компаниясы МЕГА 24 тиркемесин иштеп чыкты. Азыркы учурда анын мазмунун толтуруу иштери жүрүп жатат. Тиркемеде oku.edu.gov.kg. порталындагы бардык каражаттар жайгаштырылат жана ал тиркемени окуучулар, мугалимдер баланс нөл болуп турганда да колдоно алышат.

Мындан сырткары, министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган https://kitep.edu.gov.kghttps://lib.kg/lib/school/, сайттарын сунуштайт. Ошондой эле окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана “Билим булагы” мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html http://bb.edu.gov.kg/index.php.

Каныбек Исаков жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылганын, бүтүрүүчүлөргө ЖРТга даярдануу боюнча онлайн ресурстардын топтомун сунуштап жатканын айтты. ЖРТга даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилиндеги колдонмо. — http://www.testing.kg/…/besplatnye-broshjury-2016-goda-po-p…. Негизги тесттин бардык бөлүмдөрү жана предметтик тесттердин баарын камтыган кыргыз жана орус тилдериндеги ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар. (http://www.testing.kg/…/videouroki-po-podgotovke-k-ort..html)

Министр ошондой эле “Санариптик педагогика” деген эң мыкты видеосабактардын республикалык сынагы башталганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM