Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Бардык муктаждар азык-түлүк менен камсыз болот

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 597 | 0

Мамлекет эч кимди көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбайт. Бардык муктаждар азык-түлүк менен камсыз болот. Мындай пикирин бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде билдирди.

— Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жеткирүү иши башталды. Биз чындыгында мындай жардамга муктаждарды көңүл буруусуз калтырбашыбыз керек. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте кыска мөөнөттүн аралыгында бардык тизмени кайра карап чыгып, дыкат жана терең талдоо жүргүзүүгө тийиш, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бишкек шаары боюнча социалдык маанидеги 35 миң азык-түлүктүн топтомун таркатуу пландаштырылууда. Бардык тийиштүү каражаттар жетиштүү өлчөмдө бөлүнөт.

Ошондой эле Өкмөт башчы мекендештерге өзгөчө кырдаал эрежелерин түшүнүү менен кабыл алып, аны сактап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жарандар мындай чектөөлөр эмне себептен киргизилгендигин жакшы түшүнүшөт жана ага өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууда. Өкмөттүн негизги максаты – жардамга муктаждарга кам көрүү, — деди Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM